Whirlpool | WMTL 601 L CIS | Instruction for Use | Whirlpool WMTL 601 L CIS User guide

Whirlpool WMTL 601 L CIS User guide
1
a
12
7
A
b
c
13
8
d
g
g
e
f
2
14
A
B
9
3
15
4
10
C
16
D
5
A
B
11
6
The brands Ariston, Hotpoint Ariston and Hotpoint differ by sales territory.
17
АРНАЛГАН КОЛДОНУЛУШУ
Бул шайман кир жуугучта жууганга болгон кирди
жеке үй чарбалары үчүн кадыресе болгон өлчөмдө
иштетүүгө гана арналган.
• Кир жуугучту колдонуп жатканда ушул Колдонуу
Нускамаларында берилген нускамаларды жана
•
Программа Жадыбалын аткарыңыз.
Бул Колдонуу Нускамаларын жана Программа
Жадыбалын ыргытпаңыз: кир жуугучту башка
кишиге берсеңиз ага Колдонуу Нускамаларын
жана Программа Жадыбалын да бериңиз.
КООПСУЗДУК БОЮНЧА ЖАНА ЖАЛПЫ СУНУШТАР
1. Коопсуздук боюнча
инструкциялар
• Бул кир жуугуч үйдүн
ичинде гана иштеткенге
ылайыкталган.
• Бат күйүүчү суюктуктарды
бул шаймандын жанында
сактоого болбойт.
• Кир жуугуч машинаңыздын
үстүнө электрикалык
шаймандарды койбогула.
• Жаш балдар шайман менен
ойнобогондугуна көз салып
туруу керек.
• 3 жашка чыга элек
балдарды такай карап тура
албасаңыз, кир жуугучтан
алыс кармаш керек.
• Кир жуугучту 8 жаштан улуу
балдар жана физикалык,
сенсордук же менталдык
жөндөмдөрү чектелген же
тажрыйбасы же билими
жетишпеген кишилер
көзөмөл астында же
шайманды коопсуз колдонуу
боюнча нускама алып, аны
колдонуунун коркунучтарын
түшүнгөндө иштете алышат.
Балдар кир жуугуч менен
ойнобошу керек. Кир
жуугучта кам көрүү жана
тейлөө иштерин балдарды
кароосуз калтырып коюп
жасаганга болбойт.
•
•
•
•
Капкагын күчкө салып ачууга
болбойт.
Керек болгон учурда,
токтун кабелин Сатыктан
кийинки тейлөө бөлүмүнөн
алынган окшош кабелге
алмаштырууга болот. Токтун
кабелин тажрыйбалуу адис
гана алмаштырса болот.
Ар бир тазалоодон же
техникалык тейлөөдөн
өткөрүүдөн мурда, кир
жуугуч машинаны өчүрүп,
токтон ажыратып алуу
керек.
Кир жуугуч машинанын
түп жагында жайгашкан
вентиляция тешиктери
калың килем менен
жабылып калбашы керек.
2. Таңгактоо
•
Таңгактоо материалдары 100% кайрадан
пайдаланууга жарамдуу жана кайра иштетүү
символуна ээ . Таңгактоо материалын
ыргытууда жергиликтүү ченемдерди аткарыңыз.
3. Таңгактарын жана эскирип калган кир
жуугуч машиналарды утилизациялоо
• Бул шайман 2002/96/EC Европа
директивасынын электрикалык жана
электрондук жабдууларды утилизациялоо
(WEEE) белгиси менен белгиленген. Бул
буюмду туура утилизациялоону камсыздоо
менен сиз айлана-чөйрөгө жана адамдардын
ден соолугуна зыян келтирүүнүн алдын алууга
көмөктөшө аласыз. Бул буюм эскиргенде
тиешелүү түрдө жок кылынбаган болсо, аталган
зыяндарды тартуу коркунучу бар эле.
• Өнүмдөгү же өнүмдү коштогон документтердеги
символу бул шайманды үй чарбасынын
таштандысы катары иштеткенге болбосун
көрсөтөт. Анын ордуна ал электр жана
KY 1
электрондук жабдууну кайрадан пайдалануу
үчүн тиешелүү чогултуу түйүнүнө өткөрүлүшү
керек. Муну ыргытуу таштанды таштоо үчүн
жергиликтүү чөйрө эрежелерине ылайык
аткарылышы керек. Бул өнүмдү иштетүү, оңдоо
жана кайра пайдалануу тууралуу толугураак
маалыматты жергиликтүү шаардык кеңсеге,
үй чарба таштандысын таштоо кызматына же
өнүмдү сатып алган дүкөнгө кайрылып билиңиз
• Кир жуугуч машина кайра иштетүүгө мүмкүн
болгон материалдардан куралган. Аны
калдыктарды жок кылуу боюнча кабыл алынган
жергиликтүү эрежелерге ылайык утилизациялоо
керек.
• Утилизациялоонун алдында кир жуугуч
каражаттардын калдыктарын тазалап, токтун
кабелин кир жуугуч машинаны кайра колдонууга
мүмкүн болбогудай кылып кесип салуу керек.
4. Ташуу жана сактоо
Буюм кутуга салынган абалда жылытылуучу
бөлмөдө 5 °С тан плюс 40 °С ка чейин болгон
температурада сакталууга тийиш
• Ташыырда кир жуугуч шаймандын көңдөйү
мүмкүн болгон зыян тартышына жол бербеш
үчүн ташуу бурамаларын/тыгындарын
тагышыңыз керек.
• Кир жуугуч шайман кандай абалда иштесе,
ошол (вертикалдык) абалда кандай болбосун
жабылган унаада ташылышы керек (Аны бекем
бекиткенди УНУТПАҢЫЗ).
• Кир жуугуч шайманды бир нерсе жасап
жатканда соккуга учуратып же үстүнө жүк
койбоңуз.
5. Жалпы сунуштар
• Кир жуугуч машинаны иштебей турганда токтон
сууруп коюу керек. Суу келген кранды өчүрүп
коюңуздар.
6. EC Туура келүү декларациясы
• Таңгактагы кир жуугуч шайман 80%тан ылдый
салыштырма нымдуулукта, өзү желдетилип
турган жабык жерде сакталышы керек.
• Кир жуугуч шайман узак убакытка колдонулбай
жана жылытылбаган жерде сактала турган
болсо, ичинде такыр суу калтырбаш керек.
• Ташуу жана сактоо учурунда буюмду
атмосфералык таасирлерден жана
механикалык жабыркоолордон коргоо зарыл.
•
Шайман кийинки Европа Стандарттарына туура
келет: 2006/95/EC Аз Чыңалуу Директивасы
2004/108/EC Электромагниттик Туура келүү
Директивасы.
Өндүрүүчү кийим же башка буюмга берилген
туура эмес же дал келбеген чүпүрөккө кам көрүү
нускамаларынан келип чыккан эч кандай зыян
үчүн жооптуу эмес.
КИР ЖУУГУЧ МАШИНАНЫ КОЛДОНУУДАН МУРДА
1. Таңгакты ачып, текшерип көрүңүз
b. Стретч-пленканы кесип, чечип салыңыз.
c. Өйдөңкү коргоочу жапкакты жана коргоочу
бурчтарды алып салыңыз.
d. Арткы коргоочу жапкакты кир жуугуч
машинаны бир бурчу менен тургузуп
эңкейтип туруп, алып салыңыз. Түпкү
коргоочу жапкактын пластиги (эгер моделде
бар болсо) машинканын түбүндө эмес,
таңгактын ичинде калганын текшерип
көрүңүз.
Буга көңүл бургула, себеби андай болбосо,
пластик кир жуугуч машинаны иштеп жатканда,
бузуп коюшу ыктымал.
e. Кармагычынан кармап туруп, капкакты бир
аз ылдыйга басып, ачып алыңыз. Полистирол
төшөгүчүн чечип салыңыз (моделине жараша).
f. Панелден көк түстүү коргоочу тасманы алып
салыңыз (моделине жараша).
• Таңгактан чыгаргандан кийин, кир жуугуч
машинанын эч жери сынбаганын текшерип
алыңыз. Эгерде күмөн санасаңыз, кир жуугуч
машинаны иштетпеңиз. Сатыктан кийинки
тейлөө бөлүмүнө же жергиликтүү сатуучу
мекемеге кайрылыңыз.
• Таңгак материалдарын (пластик пакеттери,
пенопласт, ж.б.) балдар жетпеген жерде
сактагыла; алар коркунуч жаратышы ыктымал.
• Эгерде кир жуугуч машина жеткирилгенге
чейин суукта туруп калган болсо, аны иштетип
баштоодон мурда үй температурасында бир
нече саат коюп туруу керек.
2. Транспорттук кронштейнди алып
салуу
• Кир жуугуч машинасы транспорттоо мезгилинде
бузулуп калбашы үчүн, транспорттук
кронштейндер менен катырылган болот.
Кир жуугуч машинаны иштетүүдөн
мурда, транспорттук кронштейнди алып
салышыңыз керек ("Орнотуу"/"Тарнспорттук
кронштейнди алып салуу" бөлүмдөрүн
караңыздар).
3. Кир жуугуч машинаны орнотуу
• Кир жуугуч машинаны тегиз жана туруктуу полго
коюңуздар.
• Буттарын машина туруктуу жана
түз тургудай кылып тууралаңыздар
("Орнотуу"/"Бутун тууралоо" бөлүмдөрүн
караңыздар).
• Жыгач же "жылма полдорго" (мисалы, паркет же
ламинаттын кээ бир түрлөрү менен төшөлгөн
полдор) түбүнө көлөмү 40 х 60 см жана
калыңдыгы 3 см ден кем эмес болгон фанераны
полго бурама мык менен катырып туруп, үстүнө
кир жуугуч машинаны коюу керек.
• Кир жуугуч машинаңыздын түп жагында
жайгашкан вентиляция тешиктери (сиздин
машинаңыздын моделинде бар болсо) калың
килем же башка нерсе менен жабылып
калбашын текшерип коюу керек.
KY 2
4. Сууну кошуу
• Суу кирген шлангды жергиликтүү суу чарба
башкармалыгынын эрежелерине ылайык
туташтыргыла ("Орнотуу"/"Суу киргизүүчү
шлангга туташтыруу" бөлүмүн караңыздар).
• Сууну кошуу: Муздак суу гана
• Кран: Диаметри 19 мм (3/4 дюйм) болгон сайы
бар кошулмалуу шланг
• Басым: 100-1000 кПа (1-10 бар).
• Кир машинага сууну улоо үчүн жаңы шлангдар
гана колдонулушу керек. Иштетилген шлангдар
башка иштетилбей, ыргытылышы керек.
5. Сууну агызуу шлангы
•
•
Агынды шлангын шифонго же башка агынды
суу чыгуучу жерге бекем туташтырыңыз.
Кир жуугуч шайман ичине кошулган агынды
тутумуна туташтырылган болсо, ал суунун бир
эле убакта киришине жана агып чыгышына
жол бербегендей желдеткич тешиги барэкенин
текшериңиз.
6. Электр тогуна кошуу
• Электр туташтырууларын тажрыйбалуу адис
гана өндүрүүчүнүн көрсөтмөлөрүнө ылайык
жана учурдагы коопсуздук техникасы боюнча
стандарттуу эрежелерге ылайык жүргүзгөнгө
болот.
• Техникалык көрсөткүчтөрү (чыңалуу, токтун
күчү, жана сактык клапандары) кир жуугуч
машинанын арткы бетинде көрнөкчөдө
берилген.
• Узарткычтарды же көп көздүү розеткаларды
колдонууга болбойт.
• Орнотулгандан кийин эки полюстуу розетка
аркылуу токко туташуу же токтон ажыратуу
мүмкүн болушун ар дайым камсыз кылуу керек.
• Транспорттоо мезгилинде бузулуп калган
болсо, кир жуугуч машинаны иштепеңиздер.
Маселени Сатыктан кийинки тейлөө бөлүмүнө
билдириңиз.
• Токтун кабелин алмаштыруу Сатыктан кийинки
тейлөө бөлүмүндө гана аткарылат.
• Кир жуугуч машина учурдагы бар болгон
нормаларга ылайык, жерге туташтырылган
токко сайгыч аркылуу гана токко туташтырылса
болот.
Өзгөчө, ванна же душ жайгашкан бөлмөдө
орнотулган кир жуугуч машиналары жок дегенде
30 мА дифференциалдуу ток түзмөгүнүн
жардамы менен корголушу керек.
Мыйзам боюнча кир жуугуч машинасын жерге
туташтыруу талап кылынат. Колдонуу боюнча
инструкциядагы көрсөтмөлөрдү аткарбай
коюудан тике же кыйыр түрдө адамдар же
жаныбарлар жабырланып, же колдонуучунун
мүлкүнө зыян келтирилген болсо, өндүрүүчү
бардык жоопкерчиликтен баш тартат.
• Дифференциалдуу ток түзмөгүн колдонгондо,
белгиси барлар моделдерин гана
тандагыла.
Болжолдуу көлөмдөрү:
Туурасы:
400 мм
Бийиктиги: 900 мм
Тереңдиги: 600 мм
КИР ЖУУГУЧ МАШИНАНЫН СҮРӨТТӨЛҮШҮ (1-сүрөт)
a. Эшиги
b. Жуугуч каражаттын дозатору
c. Барабан
d. Насоско чыпканын артынан жетсе болот
e. Сатыктан кийинки тейлөө стикери (чыпканын
капкагынын артында)
f. Жылдыруу рычагы (моделден көз каранды).
Кир жуугуч машинаны жылдыруу үчүн,
кармагычынан кол менен бир аз тартып
чыгарып алып, анан бутуңуз менен такалып
калганга чейин тартыңыз.
g. Буттарын тууралаганга болот
KY 3
ОРНОТУУ
Транспорттук кронштейнди чечүү
Транспорттоо учурунда кир жуугуч машинанын
бузулуп калышынын алдын алуу үчүн,
транспорттук кронштейндер менен катырылат.
МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ: Кир жуугуч машинаны
иштетүүдөн мурда, артындагы транспорттук
кронштейнин чечип салуу КЕРЕК.
1. Эки "A" жана төрт "B" шуруптарын жалпак
отвёртка менен же № 8-алты грандуу бурама
кулпунун жардамы менен бурап чечип салыңыз
(2-сүрөт).
2. Транспорттук кронштейнди чечип салыңыз
(3-сүрөт).
3. Машинанын сыртындагы төрт "B" винтин
алмаштырып, катырып коюңуз (2-сүрөт).
4. "D" тешиктерине кийиле турган "C" жапкактарын
кыпчытып койгула (4-сүрөт).
Эскертүү: сыртындагы төрт бураманы
алмаштырып, катырып коюуну унутпаңыздар.
Буттарын тууралоо (5-6-сүрөттөр)
Кир жуугуч машинаны тегиз, токко, сууга, агынды
түтүктөрүнө жакын жерге орноткула.
Эгерде пол тегиз болбосо, буттарын тууралап
койгула (түбүнө такта, картон, ж.б. нерселерди
тыкпагыла):
1. Кир жуугуч машинанын буттарын кол менен
бурап, сааттын жебеси боюнча 2-3 жолу
айлантып, андан кийин контргайканы ключтун
жардамы менен бошотуп коюңуз.
2. Буттарынын бийиктигин кол менен тууралаңыз.
3. Контргайканы сааттын жебесине каршы тарапка
бурап, кир жуугуч машинанын түбүнө келтирип
коюңуз.
Кир жуугуч машинанын буттары полго тийип
турушун жана полдо идеалдуу тегиз жана
туруктуу турганын текшерип көрүңүз (спирт
куюлган деңгээл өлчөгүчтүн жардамы менен).
Эскертүү: эгерде сиз кир жуугуч машинаны калың
килемдин үстүнө орнотчу болсоңуз, буттары
машинанын астынан аба айланууга жетишерлик
жер калгыдай кылып катырылгандыгын текшерип
коюңуз.
1. Суу кирген шлангды кир жуугуч машинанын
аркасындагы клапанга этияттык менен бурап
кошкула (A); шлангдын экинчи учун кранга кол
менен бурап кошкула.
2. Шлангда эч кандай бүктөлгөн жерлер жок
экенин текшерип алгыла.
3. Кран менен кир жуугуч машинанын бек
кошулганын текшерүү үчүн кранды толук ачып
көргүлө.
Суу токтоткуч жана суу каптоого каршы
система (9-сүрөт) - (болсо)
• Шлангды кранга бурап кошуу керек. Кранды
толук ачып, кран менен кир жуугуч машинанын
бек кошулганын текшерип көргүлө.
• Кир жуугуч машинаны басымы жок суу
ысыткычтын суу аралаштырып бере турган
кранына кошууга болбойт.
• Шлангдын суу токтотуучу түзмөгүн сууга
салбаңыздар, болбосо ал коргоочу касиетин
жоготуп коёт.
• Эгерде ийилчээк шлангдын бүтүндүгү
бузулуп калган болсо, кир жуугуч машинаны
дароо токтон өчүрүп, кранды жаап, шлангды
алмаштыруу керек.
• Эгерде ийилчээк шланг өтө кыска болсо, 3 м
суу токтоткуч шланг менен алмаштыруу керек
(Сатыктан кийинки тейлөө бөлүмүнөн же
дилериңизден алсаңыз болот).
Суу агызуучу шлангды туташтыруу
(10-сүрөт)
Сууну агызуучу шлангды сол илмектен чыгаруу
үчүн, сүрөттөгү "A" жебесин карап көрүңүздөр.
Кир жуугуч машинаны туурасы 40 см жана
тереңдиги 63 см болгон аянтка орнотууга болот.
Суу киргизүүчү шлангга туташтыруу
(7-сүрөт)
• Шланг өтө кыска болсо, аны басымга туруштук
бере ала турган керек узундуктагы шланг
менен алмаштыргыла (1000 кПа мин, EN 61770
тибиндеги кабыл алынган стандарт боюнча).
• Эгерде сизге узунураак суу токтоткуч керек
болсо, Сатыктан кийинки тейлөө бөлүмүнө же
сатуучуңузга кайрылыңыз.
• Суу кирген шлангды такай морттугу жана
сыныктары болбогонун текшерип, муктаждык
болсо, алмаштыруу керек.
• Кран жолунун коргоочу бөркүнүн туура
тегизделгенин текшериңиз (8-сүр.).
• Кир жуугуч машинаны кайра кайтаруучу
клапаны жок эле кошсо болот.
Маанилүү маалымат:
Суу агызуучу шлангды туура туташкан жерден
БОШОТПОГУЛА, сүрөттөгү "B" жебесин
көргүлө. Болбосо, сууагып кетүү жана ысык сууга
эрип кетүү коркунучу бар.
Суу агызуучу шлангды сифонго же башка
булганган суу агызылуучу түтүккө бекем кошуу
керек.
Эгерде шлангды узартуу керек боло турган болсо,
окшош өлчөмдөгү шлангды колдонуңуз жана
кошулган жерлерин шлангга буралма кыскычтар
менен катырып койгула.
Агызуучу шлангдын максималдуу узундугу: 2,5 м
Агызуунун максималдуу бийиктиги: 100 см.
Агызуунун минималдуу бийиктиги: 55 см.
Маанилүү маалымат:
Агызуучу шлангда бүктөлгөн жерлер жок экенин
текшерип көрүңүз жана кир жуугуч машина
иштеп жатканда ал түшүп кетпегидей кылып чара
көрүңүз.
KY 4
БИРИНЧИ ЖУУ ЦИКЛИНЕН МУРДА
Өндүрүүчү текшергенде иштеткен суу калдыктарын
агызып салуу үчүн, кир салбай эле бир жолу кыска
жуу циклин иштетип салуу сунушталат.
1. Кранды ачыңыз.
2. Барабандын чаптырмаларын жабыңыз.
3. Айна бөлүштүргүчтүн башкы жуу камерасына
аз өлчөмдөгү (жеңил булганган кирлер үчүн
өндүрүүчү сунуштаган өлчөмдөгү айнанын 1/3
бөлүгүндөгү) айнаны салыңыз.
4. Капкакты жабыңыз.
5. 60°C "Синтетика" программасын тандап, аны
иштетиңиз (программанын таблицасын өзүнчө
карап көрүңүз).
КИРДИ ДАЯРДОО
Кирди ылгоо
•
1. Кирди булар боюнча ылгаңыз…
• Кездеме түрү / кам көрүү эн символу
Пахта, аралаш була, оңой каралуучу/синтетика,
жүн, колго жуулчу нерселер.
• Түсү
Актарды өзүнчө, түстүүлөрүн өзүнчө. Жаңы
түстүү нерселерди өзүнчө жууңуз.
• Өлчөмү
Жуунун натыйжалуулугун жана барабандын
салмак бөлүнүшүн жакшыртуу үчүн ар кандай
өлчөмдөгү неселерди бир эле жүктөп жууңуз.
• Кездеменин назиктиги
Назик нерселерди өзүнчө жууңуз: Таза Жаңы
Жүн
, пардалар жана башка жумшак
нерселер үчүн өзүнчө программа колдонуңуз.
Парданын жылдыргычтарын дайыма алып
салыңыз же жылдыргычтары бар пардаларды
пахта баштыктын ичине салып жууңуз. Колго
жуулчу кездемелер үчүн атайын программа
колдонуңуз. Колготки, кур жана башка кичине
нерселерди же илгичтери бар буюмдарды
(мисалы, бюстиктерди) кир жуугучтар үчүн
атайын пахта баштыктарга же сыдырмалуу
жаздык тыштарга салып жууңуз.
2. Чөнтөктөр бош
Тыйындар, төөнөгүчтөр же ошого окшош
нерселер жууп жаткан нерселериңизди же
кир жуугучтун барабанын зыянга учуратышы
мүмкүн.
3. Бекиткичтер
Сыдырмаларды жана бекиткич топчуларды
же илмектерди жабыңыз; өзүнчө курлар же
тасмалар байланышы керек.
Тактарды кетирүү
• Кан, сүт, жумуртка жана башка органикалык
заттар негизинен программанын энзим
(фермент) фазасында кетирилет.
• Кызыл шарап, кофе, чай, чөп жана мөмө
тактарын ж.б. кетирүү үчүн детергент
диспенсердин негизги жуу уячасына
так
кетиргич кошуңуз.
• Өзгөчө катуу бекиген тактарды жуурдан мурун
иштетиш керек.
Бойоо жана агартуу
•
•
Кир жуугуч шаймандарга жааган бойок жана
агарткычтарды гана колдонуңуз.
Өндүрүүчүнүн нускамаларын аткарыңыз.
Шаймандын желим жана резина бөлүктөрү
бойок же агарткычтарга булганып калышы
мүмкүн.
Кирди жүктөө
1. Машинаны ачуу үчүн капкакты өйдөгө карай
тартыңыз.
2. Барабанды ачыңыз
-- барабандын чаптырмаларын басып
(11-12-сүрөт); 11-сүрөттө көрсөтүлгөн
моделдердин барабандарынын
чаптырмалары басканда, кысылбайт.
-- барабандын аркасындагы чаптырманы
кармап, жылдырманы артка жебе көрсөткөн
жакка карай жылдырып, жана алдыңкы
чаптырманы барабандын ичине карай
түрткөндө, жабуу механизми ачылат
(13-сүрөт).
3. Кирлерди барабандын ичине бирден салыңыз.
Программанын өзүнчө таблицасында
көрсөтүлгөндөй өлчөмдө, кирдерди
программалардын максималдуу жүктөө чегинен
ашырбай салуу керек.
-- Ашыкча жүктөө кирдин начар жуулушуна жана
бырыштардын көп болушуна алып келет.
-- Кир барабандан чыгып калбашын
текшерүү керек; мындай болгон учурда
кирди барабандын эшиги тиешелүү түрдө
жабылгыдай боштук калгыдай кылып, ичке
карай түртүү керек.
-- Барабандын чаптырмалары менен кирди
түртүүгө болбойт.
4. Барабанды жабуу үчүн, эки чаптырманы тең
ортого келтирип (14-сүрөт), түпкү чаптырманы
үстүңкү чаптырмага жаптыргыла.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА: чаптырмалар тишелүү түрдө
жабылганын текшергиле - моделине карап:
-- бардык металл илмектерин арткы
чаптырманын ичинде калтыруу керек 15-сүрөттү караңыздар.
-- бардык металл илмектерин арткы
чаптырманын ичинде калып, баскычтары
арткы чаптырманын чекелеринен чыгып
турушу керек - 16-сүрөттү караңыздар.
-- Алдыңкы чаптырманын жылдымасы арткы
чаптырманы бир аз жаап турушу керек 17-сүрөттү караңыздар.
Кир чаптырмалардын ортосунда, же барабан
менен чаптырманын ортосунда тыгылып
калбаганын текшерүү керек.
KY 5
ЖУУГУЧ КАРАЖАТТАР ЖАНА КОШУЛМАЛАР
Детергенттер менен кошулмаларды балдар
жетпеген коопсуз, кургак жерде кармаңыз.
Эч кандай эриткичтерди (мис., терпентин,
бензин) колдонбоңуз; эриткичтер же бат
тутанма суюктуктар менен иштетилген
кездемелерди шайманга жуубаңыз.
Үй үчүн кир жуугуч шаймандар үчүн
атайын жасалган детергенттерди жана/же
кошулмаларды гана колдонуңуз. Жууган
кирлериңиздин кам көрүү энбелгилериндеги
сунуштамаларды аткарыңыз.
Детергентти тандоо буга көз каранды:
• Кездеменин тиби
• Түсү
• Сунушталган жуу температурасы
• Кирдөө деңгээли жана тиби
Жуулчу кирдин
тиби
Детергенттин түрү
Ак, түйшүктүү кийим
(муздак-95°C):
Ак кылдат кийим
(муздак-40°C):
агарткыч менен оор
милдеттүү детергенттер
агарткыч жана/
же оптикалык
бажырайткычтар менен
жумшак детергенттер
агарткыч жана/
же оптикалык
бажырайткычтар менен
детергенттер
агарткыч/оптикалык
бажырайткычтар жок
түстүү детергенттер
атайын кара/күңүрт кир
үчүн атайын детергенттер
Ачык /пастел тондуу
түстөр (муздак60°C):
Интенсивдүү түстөр
(муздак-60°C):
Кара/күңүрт түстөр
(муздак-60°C):
Детергенттер менен кошулмаларды
кайда салуу керек ( 18-сүр.)
Жибитүү уячасы
• Жибитүү баскычы үчүн детергент ("жибитүү"
опциясын тандаган болсоңуз гана)
Негизги жуу уячасы
• Негизги жуу баскычы үчүн детергент (бардык
жуу программалары үчүн кошулушу керек)
• Так кетирүү үчүн кошулма (тандоо боюнча)
• Сууну жумшарткыч (тандоо боюнча; 4 же
андан көп суу катуулугу үчүн сунушталат)
Жумшартуу уячасы
• Кездеме жумшарткыч (тандоо боюнча)
• Сууга эритилген крахмал (тандоо боюнча)
Жуугуч, кошумча каражаттарды же кондиционер
салып же куюп жатканда, "MAX" деңгээлинин
сызыгынан ашырбоо керек.
Айна же кондиционерди кандайдыр программа
үчүн колдонуу боюнча көбүрөөк маалымат алуу
үчүн, программанын өзүнчө таблицасын карап
көргүлө.
Атайын мамилени талап кылган кирлер үчүн (мис.,
жүн же микробула) базарда сатылган атайын
детергенттерди, кошулмаларды же алдын ала
иштетүү колдонууну сунуштайбыз.
Толугураак маалыматты www.cleanright.eu
интернет шилтемесинен караңыз.
"Жибитүү" опциясын тандаганда, негизги жуу
үчүн суюк детергент колдонбоңуз.
Кечирээк цикл баштоо / цикл аяктоо
(моделге жараша) тандоодо суюк детергент
колдонбоңуз.
Өлчөмдөр
Эске алыңыз:
Детергент өтө көп болуп кетсе, ашыкча көбүк
чыгарып, жуунун натыйжалуулугун азайтат. Кир
жуугуч шайман ашыкча көбүк аныктаса, айланууга
жол бербеши, же болбосо программанын
узактыгын узартып, суунун сарпталышын
көбөйтүшү мүмкүн ("Маселе чечүү жетегиндеги"
көбүк чыгаруу тууралуу эскертмелерди караңыз).
Детергент жеткиликтүү болбосо, кир жакшы
жуулбай, ысытуу системин, барабан жана
шлангдарды кальционго толтурушу мүмкүн.
Детергенттин таңгагындагы өлчөм
сунуштамаларын ээрчиңиз. Алар буга көз каранды:
• кирдөө даражасына жана тибине
• жуулчу кирдин көлөмүнө
Детергенттин таңгагында кайсы бир жуу
жүктөмү үчүн маалымат берилбесе: детергент
өндүрүүчүлөр адатта оор милдеттүү детергент
үчүн 4,5 кг жуулчу кир, ал эми кылдат детергент
үчүн 2,5 кг жуулчу кирди алышат.
• сиз жашаган жердеги суунун катуулугу
(маалыматты суу компанияңыздан сураңыз).
Жумшак суу катуу сууга караганда азыраак
детергент талап кылат.
Хлор агарткычын колдонуу
• ЖУМШАРТКЫЧ уячасына хлор агарткычынын
туура өлчөмүн кошуп (капкагын абайлап
жабыңыз), кириңизди каалаган программада
(Пахта, Синтетика) жууңуз.
• Агарткычтын калган-каткан жытын кетириш
үчүн программа аяктаары менен "Чайкоо жана
сыгуу" программасын баштаңыз; кааласаңыз
жумшарткыч кошсоңуз болот.
• Хлор агарткычы менен жумшарткычты
жумшарткыч уячасына эч качан чогуу салбаңыз.
• Кычкылтектин негизиндеги агарткычтарды
колдонгонго артыкчылык бериңиз; мында
өндүрүүчүнүн нускамаларын ээрчиңиз.
Крахмал колдонуу
• Кирди каалаган программада жууңуздар.
• Крахмал эритмесин өндүрүүчүнүн көрсөтмөлөрү
боюнча даярдап алыңыздар.
• Даярдалган крахмал эритмесин (максималдуу
өлчөмү - 100 мл) жуугуч каражаттын
диспенсеринин кондиционер куюла турган
камерасына куюп алгыла.
• Капкакты жаап, "Чайкоо жана Сыгуу"
программасын иштеткиле.
KY 6
ЧЫПКАНЫ ТАЗАЛОО/ КАЛДЫК СУУНУ АГЫЗУУ
Кир жуугуч машина өз алдынча тазалана турган
насос менен жабдылган. Чыпка топчулар,
тыйындар, ийне топчулар сыяктуу кир менен
кошулуп кирип кеткен ж.б. нерселерди кармап
калат.
3. Түбүнө идиш койгула.
4. Чыпканы акырын сааттын жебесине каршы
тарапка суу агып чыга баштаганча бурап,
бирок толук чечпей тургула.
5. Бардык суулар агып кеткенче күтө тургула.
6. Эми чыпканы бурап туруп, аны чыгарып
алгыла (20-сүрөт).
7. Чыпканы жана камераны тазалап алгыла.
8. Насостун импеллери (чыпканын артындагы
уюкта жайгашкан) тосулуп калбашын
текшерип кюоу керек.
9. Насосту кайра салып, саттын жебесине
каршы тарапка толук бурап салгыла.
Чыпка киришинче жерге чейин туура
буралганын текшерип коюу керек.
10. Кир жуугуч машинага бир литрге жакын
сууну барабан аркылуу куюп, чыпкадан
суу агып чыкпай жатканын текшерип коюу
абзел.
11. Чыпканын капкагын жаап койгула.
12. Кир жуугуч машинаны кайра кошуңуздар.
Чыпканы регулярдуу түрдө, жок дегенде жылына
эки же үч жолу, текшерип жана тазалап туруу
сунушталат.
Өзгөчө:
• эгерде машина сууну жакшы төгө албай калса
же сыгуу циклдерин аткарууда иштебей калса.
• эгерде "Насос" индикатору жанып калса.
МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ: машинадан
төгүлөрдөн мурда суу муздатылгандыгын
текшерип көргүлө.
Ошондой эле кир жуугуч машинаны
транспорттодон мурда калдык суулар толук
төгүлүп салынышы керек.
1. Кир жуугуч машинаны токтон ажыратыңыздар.
2. Чыпканын капкагын тыйын менен ачып
алгыла (19-сүрөт).
КАМ КӨРҮҮ ЖАНА ТЕЙЛӨӨ
Машинаны оңдоонун алдынан ар дайым аны токтон ажыратуу керек.
Жуугуч каражаттын дозатору
Кир жуугуч каражаттар жармашып, катып
калбашы үчүн, жуугуч каражаттар салына
турган диспенсерди, жок дегенде жылына үч
же төрт жолу, такай тазалап туруу керек:
1. Баскычты басып, жуугуч каражат салына турган
диспенсерди бошотуп, чыгаруу керек (21-сүрөт).
Диспенсерде бир аз суу калып калышы мүмкүн,
ошондуктан аны өйдөгө каратып туруп чыгаруу
керек.
2. Аккан суу менен диспенсерди жууп салыңыз.
Ошондой эле диспенсердин артындагы
сифондун капкагын жууп салууга болот
(22-сүрөт).
3. Диспенсердин сифонунун капкагын кайра
орнотуңуз (чыгарылган болсо).
4. Диспенсерди түбүн тиешелүү орундарга кире
турган кылып коюп, ордуна түшкөнгө чейин
капкактын үстүнөн ылдый басып, салуу керек.
Жуугуч каражаттардын диспенсери ордуна
туура коюлганын текшерип коюу керек.
Суу киргизүүчү шлангдын чыпкасы
Чыпканы регулярду түрдө текшерип жана
тазалап туруу керек (жок дегенде жылына 3 же
4 жолу).
1. Кир жуугуч машинаны токтон ажыратыңыздар.
2. Суу келген кранды өчүрүп коюңуздар.
3. Шлангды крандан бурап ажыратыңыз.
4. Шлангдын учунда жайгашкан чыпканы чыгарып
албай, мисалы, тиш жуугуч щетканын жардамы
аркылуу этияттык менен тазалаңыз.
Эскертүү: Шлангды сууга матырбаңыздар.
5. Ийилчек шлангды кранга кол менен кайра бурап
киргизип коюңуз. Кычкач иштетпеңиз (кошулган
моюнчаларын кысып коюу коркунучу бар).
6. Кранды ачып, туташуу бекем болгонун
текшерип коюуңуз.
7. Кир жуугуч машинаны кайра токко сайыңыз.
Суу киргизүүчү шланг
(23, 24 же 25-сүрөттөр, моделине карап)
Суу кирген шлангды такай морттугу жана
сыныктары болбогонун текшерип, муктаждык
болсо, окшош шлангга алмаштыруу керек.
23-сүрөттө көрсөтүлгөндөй суу киргизүүчү
шлангдан кокустан суу кирип кетишин токтотуу
үчүн коопсуздук клапаны бар; эгерде коопсуздук
клапанын көрсөткөн терезеде (A) кызыл жанып
калса, коопсуздук клапаны жана шлангды
алмаштыруу керек болот. Сатыктан кийинки
тейлөө бөлүмүнө же дилериңизге кайрылып,
жаңы суу киргизүүчү шланг алсаңыз болот. Суу
киргизүүчү шлангды чечүү үчүн, 23-сүрөттө
көрсөтүлгөндөй, бошотуу рычагын (B) (болсо)
бурап жатканда түртүп туруу керек.
Эгерде сиздин суу киргизүүчү шлангыңыз түссүз
каптамы бар болсо (24-сүрөт) кээ-кээде түсүн
текшерип туруу керек. Эгерде түссүз шлангда
кара так пайда болсо, шлангдан суу агып жатышы
ыктымал жана алмаштырууну талап кылат.
Сатыктан кийинки тейлөө бөлүмүнө же
дилериңизге кайрылып, алмаштыруу үчүн суу
киргизүүчү шланг алсаңыз болот.
Шаймандын сырты жана башкаруу
панели
• Жумшак ным кездеме менен тазалоо керек.
• Эгер керек болсо, азыраак самындалган
суу же орто жуугуч каражатын колдонууга
болот (эриткичтери бар, абразивдүү жуугуч
каражаттарды, айнек үчүн колдонулган же
жалпы тазалоо максаттары үчүн колдонулуучу
каражаттарды иштетпегиле).
KY 7
Шаймандын ички жагы
Барабан менен бактын ортосуна түшүп
кеткен нерселерди чыгаруу
• Ар бир иштеткенден кийин капкакты
машинанын ичи кургай турган кылып ачык
калтырып коюу керек.
• 95°C температурадагы жуу режимин эч качан
иштетпеген же сейрек иштеткене учурда, кээде
95°C программаны кир салбай эле, азыраак
айна кошуп, машинанын ичин тазалоо үчүн
иштетип туруу сунушталат.
Барабан менен бактын ортосуна бир нерселер
түшүп кеткен болсо, барабандын параларын
жылдырып, алып салууга болот:
Капкактын тыгыздагычы
• Капкактын тыгыздагычынын абалын маал-маал
текшерип, ным кездеме менен арчып туруу
керек.
Суу киргизүүчү шланг(дар)дын
чыпкасы
• Шлангды морттугу жана сыныктары болбогонун
текшерип туруңуз. Муктаждык болсо,
алмаштыруу керек.
Чыпка
• Чыпканы регулярду түрдө текшерип жана
тазалап туруу керек, жок дегенде жылына 3 же
4 жолу ("Чыпканы тазалоо/ Калдык сууну төгүү"
бөлүмүн караңыздар).
Бул жабдууну тазалоо үчүн бат күйүүчү
суюктуктарды колдонууга болбойт.
1. Кир жуугуч машинаны токтон ажыратыңыздар.
2. Кирди барабанбан чыгарыңыз.
3. Барабандын чаптырмаларын жаап, барабанды
жарым айландыруу керек (26-сүрөт).
4. Бурагыч менен учунда жайгашкан пластикти
параны оңго солго жылдырып басуу керек
(27-28-сүрөт).
5. Ал барабандын ичине түшүп калат.
6. Барабанды ачыңыз: анын тешигинен түшүп
кеткен нерсени чыгарып алыңыз.
7. Барабандын ичинен параны кайра ордуна
салыңыз: Пластикти барабанын оң капталынан
салыңыз (29-сүрөт).
8. Андан кийин пластик параны оңго солго буруп,
ордуна түшкөнчө жылдыруу керек.
9. Барабандын чаптырмаларын кайра жаап,
барабанды жарым айландыруу менен параны
ар тарабынан туура тургандыгын текшерип
кароо керек.
10. Кир жуугуч машинаны кайра токко сайыңыз.
СЫККАНДАН КИЙИН КИРДЕ КАЛГАН НЫМДЫН
КУРАМЫ
Сыккандан кийин кирде калган нымдын деңгээли
негизинен кездеменин тибине, тандалган
программага жана сыгуу ылдамдыгына жараша
болот.
Эң аз калган ным курамына Энергия Энбелгисинде
(Energy Label) көрсөтүлгөн жуу программасын
эң чоң сыгуу ылдамдыгында колдонуу менен
жетишсе болот. Бул программа өзүнчө программа
жадыбалында "Энергия энбелгиси үчүн маалымат
программасы" деп белгиленген. Ылдый жакта
ар кандай айлантып кургатуу натыйжалуулук
класстарына байланышкан калдык ным
курамынын натыйжалары (% менен) берилген.
Айлантып
кургатуунун
натыйжалуулук
классы
Калган нымдуулук курамы %
менен
A (= эң натыйжалуу)
45тен аз
B
45 же андан көп, бирок 54кө
жетпейт
C
54 же андан көп, бирок 63кө
жетпейт
D
63 же андан көп, бирок 72ге
жетпейт
E
72 же андан көп, бирок 81ге
жетпейт
ТРАНСПОРТТОО ЫКМАСЫ (30-сүрөт)
1. Кир жуугуч машинаны токтон ажыратыңыздар.
алып, анан бутуңуз менен такалып калганга
чейин тартыңыз. Иштетип бүткөндөн кийин
кармагычыны кайра ордуна түшкөндөй кылып
салып коюу керек.
2. Суу келген кранды өчүрүп коюңуздар.
3. Суу келген жана агызган шлангдарды
ажыратыңыздар.
4. Шлангдардагы жана машинадагы сууларды
төгүп салуу керек ("Чыпканы тазалоо/ Калдык
сууну төгүү" бөлүмүн караңыздар). Адамдарга
залал тийбеши үчүн суу муздаганча күтө
туруңуздар.
5. Кир жуугуч машинаны жылдыруу үчүн,
машинанын алдында, түп жагында жайгашкан
кармагычын кол менен бир аз тартып чыгарып
6. Транспорттоо үчүн кронштейндерди кайра
тагыңыз.
7. Кир жуугуч машинаны тигинен тургузуп ташуу
керек.
МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ: Эшиктин кармагычы
чыгып кеткенде, кир жуугуч машинаны колдонууга
болбойт.
KY 8
МАСЕЛЕ ЧЕЧҮҮ ЖЕТЕГИ
Сиздин кир жуугуч шайман автоматтык коопсуздук функциялары менен жабдылган; алар каталарды
баштапкы баскычында аныктап, диагноз коюп, тиешелүү түрдө аракет кылышыңызга жол берет. Бул
каталар көп учурда ушунчалык кичине болгондуктан, бир-эки мүнөттө эле оңдоп койсо болот.
Көйгөй
Себептер - Чечимдер - Кеп-кеңеш
Шайман жанбай жатат, бир
да индикатор күйбөй эле
• Айры ажырымга жакшы кирбей калган.
• Ажырым же коргогуч туура иштебей жатат (аны текшергенге үстөл
лампасын же башка шайманды колдонуңуз).
• Кир жуугуч шайман энергия үнөмдөө үчүн, программа башталар
алдында же программа бүткөндөн кийин автоматтык түрдө өчөт.
Кир жуугучту жандыруу үчүн, программа тандагычты алгач "Өчүк/О"
тандамына, андан соң кайра каалаган программага которуңуз.
Шайман "Старт(Пауза)"
баскычы басылса дагы
иштебей жатат
• Эшиги жакшы жабылбай калган.
• "Балдардан коргоо" функциясы
иштеп баштады (сиздин
моделде бар болсо). Баскычтарды блоктон чыгаруу үчүн
температура жана сыгуу ылдамдыгынын баскычын жок дегенде 3
секунд кармап туруңуздар. Диспледеги кулпунун белгиси жок болуп,
программаны кайра стартка коюуга болот.
Программа аткарылып
жаткан учурда токтоп
калат жана "Старт/Пауза"
жарыктары жанып калат
• "Чайкоону токтотуп туруу" опциясы басылган (эгерде сиздин
моделиңизде бар болсо) - "Чайкоону токтотуп туруу" функциясын
"Старт (Пауза)" баскычын басып, же "Сууну агызууну" тандап,
жүргүзүү менен алмаштырууга болот.
• Программа алмаштырылган - кайрадан каалаган программаны
тандап "Старт( Пауза)" баскычын басыңыз.
• Программа үзгүлтүккө учурап, капкагы ачылып калган - капкакты
жаап, программаны кайра иштетүү үчүн "Старт (Пауза)" баскычын
басыңыз.
• Шаймандын коопсуздук системасы иштетилген ("Ката
индикаторлорунун сүрөттөлүшү" бөлүмүн караңыздар).
• Кран ачылбай калган же суу кирген шланг бүктөлүп калган ("Сууну
кошуу краны жабык" индикатору жанып калат).
Кир жуулуп бүткөндө,
айнаны бөлүштүрүүчү
диспенсерде кир
жуугуч каражаттын/
кошумча каражаттардын
калдыктары калып калат
• Айнаны бөлүштүрүүчү диспенсер туура орнотулган эмес, же
жабылып калган ("Кам көрүү жана тейлөө" бөлүмүн караңыздар).
• Шлангдын ичиндеги чыпка жабылып калган ("Кам көрүү жана
тейлөө" бөлүмүн караңыздар).
Шаймандын сыгуу
маалында титиреши
• Кир жуугуч машина түз турбай калган; буттары тиешелүү түрдө
туураланган эмес ("Орнотуу" бөлүмүн караңыздар).
• Транспорттук кронштейн чечилбей калган; кир жуугуч машинаны
иштетүүдөн мурда, транспорттук кронштейнди алып салуу
керек.
Акыркы айлануу
натыйжалары начар
• Айлантуу учурунда теңдем болбошу айлануу баскычын кир жуугучту
коргоого жол берген жок ("Айлантуу учурунда теңдем болбошун"
караңыз).
• Ашыкча көбүк пайда болушу айланууга жол берген жок; "Чайкоо
жана Сыгуу" программасын тандап, иштетиңиз. Ашыкча детергент
кошпоңуз ("Детергенттер жана кошулмалар" бөлүмүн караңыз).
• "Айлантуу" нукууру төмөнкү айлануу ылдамдыгына коюлган.
KY 9
Көйгөй
Себептер - Чечимдер - Кеп-кеңеш
Айлантуу учурунда теңдем
болбошу
Айланып жатканда кирдин теңдемде болбошу айлануу баскычында
кир жуугуч шайманга зыян келтирбөөгө жол берген жок. Ошондуктан
кир дагы эле абдан нымдуу.
Теңдем жоктугунун себеби булар болушу мүмкүн: кирдин аз салынышы
(бир-эки эле кыйла чоң же сиңирүүчү нерседен, мисалы, сүлгүдөн,
турган), же чоң/оор жуулчу буюмдар.
• Мүмкүн болсо, кийимдин өтө аз салынышына жол бербеңиз.
• Чоң же оор жуулчу кийим жууп жатканда ар кандай өлчөмдөгү
жуулчу буюмдарды аралаштыруу сунушталат.
Ным кирлерди айландыргыңыз келсе, ар кандай өлчөмдөгү
буюмдардан көбүрөөк аралаштырып, андан кийин "Чайкоо жана
Сыгуу" программасын тандап, иштетиңиз.
Программанын жүрүшү
сабындагы "Айлануу/
Агызуу" индикатору күйүп
өчөт же дисплейдеги
айлануу ылдамдыгы
күйүп-өчөт, же программа
аяктагандан кийин
айлануу ылдамдыгынын
көрсөткүчү күйүп-өчөт
(моделге жараша).
Кир дагы эле абдан
нымдуу.
Программанын узактыгы
"программа жадыбалында"
же дисплейде (болсо)
көрсөтүлгөндөн кыйла
узунураак же кыскараак
Программанын узактыгына эпкини тийиши мүмкүн болгон ашыкча
көбүктөнүү, жуулуп жаткан оор буюмдарга байланыштуу жүктүн
теңдеми жок болушу, кирген суунун аз температурасынан ысытуу
убактысы узак болушу ж.у.с. сыяктуу факторлорго кир жуугучтун
кадыресе ыңгайлашуу функциясы. Ага кошумча, кир жуугуч
шаймандын сезгич системи программанын узактыгын жуулчу жүктүн
өлчөмүнө ылайыктайт.
Бул факторлорго жараша узактык программа учурунда кайра
эсептелет жана зарыл болсо жаңыртылат; мындай маалдарда
дисплейде (болсо) жандануу пайда болот. Кичине жүктөөлөр үчүн
"программа жадыбалында" көрсөтүлгөн программанын убактысы
50%га чейин азайтылышы мүмкүн.
Ката индикаторлорунун сүрөттөлүшү
Ката индикатору
жанып калат
Экрандагы индикатор
(болсо)
Сүрөттөлүшү - Себептери - Чечилиши
"Тейлөө"
"bdd"
(эгерде сиздин кир
жуугуч машинаңыздын
дисплеи жок болсо:
панелдеги бардык
программалардын
аткарылуу жарыктары
жанат)
Шайман программа иштеп жаткан учурда токтоп
калат. "Барабандын чаптырмасы ачык" (барабан
тиешелүү түрдө жабылган эмес). "Кайра тандоо"
баскычын жок дегенде 3 секунд басып кармап, "Эшик
ачык" индикатору жанганга чейин күтө туруңуз.
Капкакты ачып, барабандын чаптырмасын чыгарып,
андан кийин каалаган программаны кайра тандап,
стартты басыңыз. Эгерде ката дагы деле оңдолбосо,
Сатыктан кийинки тейлөө бөлүмүнө билдириңиз.
"F02" ден "F35" ке
чейин
("F09" дан башкасы)
"Электрикалык модулдардын катасы".
"Сууну агызуу" баскычын же "Кайра тандоо" баскычын
жок дегенде 3 секундага чейин басып туруу керек.
"F09"
"Суунун деңгээли өтө жогору" (программа бүткөндөн
же ката иштегенден кийин). Шайманды өчүрүп, кайра
жагып, "Сууну агызуу" программасын тандап, 15
секунддун аралыгында стартты басыңыз.
KY 10
Ката индикатору
жанып калат
Экрандагы индикатор
(болсо)
"FA"
"Суу токтоткучтун катасы"
Шайманды өчүрүп, токтон сууруп, кранды өчүрүңүз.
Шайманды этияттык менен алдыга бир эңкейтип,
түбүндө топтолгон сууну төг.п салыңыыз. Андан
кийин:
• Шайманды кайра токко туташтырыңыз.
• Кранды ачып көрүңүз (эгерде суу шайманга дароо
эле ал иштетиле электе кире баштаса, ката
оңдолбогон болот; кранды жаап, Сатыктан кийинки
тейлөө бөлүмүнө билдириңиз).
• Кайрадан каалаган программаны тандап, стартты
басыңыз.
"Акк"
"Ашкере көбүктөнүү"
Кир жуу процесси ашкере көп көбүк пайда болуудан
улам үзгүлтүккө учураган.
• "Чайкоо жана Сыгуу" программасын тандап,
стартты басыңыз.
• Андан соң азыраак айна салып, кайрадан каалаган
программаны тандап, стартты басыңыз.
Эгерде ката дагы деле оңдолбосо, кранды жаап,
Сатыктан кийинки тейлөө бөлүмүнө кайрылыңыз.
−
Машинкага кирген суу жок же жеткиликтүү даражада
эмес. "Старт/Пауза" жарыктары жанып калат.
Төмөнкү нерселерди текшерип көрүңүз:
• Кран толук ачылган жана суунун басымы жетиштүү.
• Суунун шлангасында бүктөлгөн жерлер бар.
• Шлангдын ичиндеги чыпка жабылып калган ("Кам
көрүү жана тейлөө" бөлүмүн караңыздар).
• Суу кирген шланг тоңуп калган.
• Коопсуздук клапанын көрсөткөн терезеде кызыл
жанып калган (сиздин машинаңыздын шлангы
23-сүрөттө көрсөтүлгөндөй болсо - "Кам көрүү жана
тейлөө" бөлүмүн караңыздар); Сатыктан кийинки
тейлөө бөлүмүнөн же дилериңизден жаңы шланг
алып, алмаштырып коюу керек.
Маселе чечилгенден кийин, программаны "Старт/
Пауза" баскычы менен кайра иштетиңиз. Ката дагы
деле кайталана турган болсо, Сатыктан кийинки
тейлөө бөлүмүнө кайрылыңыз.
−
Кир суунун сорулбай калышы. Программанын
тиешелүү кадамында машина токтоп калат; токтон
сууруп, төмөнкү нерселерди текшерип көрүңүз:
• Сууну агызуу шлангында бүктөлгөн жерлер барбы.
• Чыпка же насос тосулуп калганбы ("Чыпканы
тазалоо/ Калдык сууну төгүү" бөлүмүн
караңыздар; суу машинадан төгүлөрдөн мурда
муздатылгандыгын текшерип көргүлө).
• Сууну төгүп салуу шлангасы тоңуп калганбы.
Маселе чечилгенден кийин, "Сууну агызуу" баскычын
же "Кайра тандоо" баскычын жок дегенде 3
секундага чейин басып туруп, андан кийин каалаган
программаңызды кайра иштетиңиз. Ката дагы деле
кайталана турган болсо, биздин Сатыктан кийинки
тейлөө бөлүмүбүзгө кайрылыңыз.
"Тейлөө"
"Сууну кошуу
краны жабык"
"Насосту
тазалоо"
Сүрөттөлүшү - Себептери - Чечилиши
Сиздин машинаңыздын дисплеи жок болсо, жогоруда сүрөттөлгөн каталардын кайсынысы
катанын себеби болгонун текшерип көрүп, тиешелүү чараларды көрүңүз.
KY 11
G - 02/2016
18
(
)
26
21
27
22
19
28
23
20
B
A
29
24
30
25
Was this manual useful for you? yes no
Thank you for your participation!

* Your assessment is very important for improving the work of artificial intelligence, which forms the content of this project

Download PDF

advertising