KitchenAid KCBDR 20701 Instruction for Use

Add to My manuals
8 Pages

advertisement

KitchenAid KCBDR 20701 Instruction for Use | Manualzz
Quick Reference Guide
This story begins with
a cool glimpse of light
which easily burns into
a creative mind.
A story of timeless
moments of a serious
passion prepared to
become a delicious
art creation.
Thanks for choosing
Мазмуну
KY барак 3
Tall 400
Built-in
Fridge/Freezer Combination
KY
Кыскача колдонмо
This story begins with
a cool glimpse of light
which easily burns into
a creative mind.
A story of timeless
moments of a serious
passion prepared to
become a delicious
art creation.
Тандап
алгыныңыз үчүн
рахмат
3
Кыскача Колдонмо
KITCHENAID ӨНҮМҮН САТЫП АЛГАҢЫЗ ҮЧҮН
ЫРААЗЫЧЫЛЫГЫБЫЗДЫ БИЛДИРЕБИЗ
Толугураак жардам алуу үчүн, шайманыңызды
www‌.‌kitchenaid‌.‌eu/‌register сайтында каттаңыз
Шайманды колдонуудан мурда
Коопсуздук Нускамаларын кунт
коюп окуӊуз.
Биринчи жолу колдонуу
Орнотуудан кийин шайманды кубаттуулукка туташтырууга чейин жок дегенде эки саат күтүңүз.
Шайманды электр менен камсыздоо желесине туташтыргыла, ал автоматтык түрдѳ иштеп баштайт.
Заводдо орнотулган тамак-аш сактоо температурасы үлгүлүү болуп саналат.
Шайманды күйгүзгөндөн кийин, нормалдуу толтурулган шайман туура сактоо температурасына
жетишүүсү үчүн 4-6 саат күтүшүңүз зарыл. Чыпканы таӊгактоодо кѳрсѳтүлгѳндѳй (эгерде бар болсо)
антибактериялык жана жытка каршы чыпканы желдеткичке коюӊуз. Эгерде угулган үн сигнал чыкса, ал
температура сигнализациясы күйгөнүн билдирет: баскычты басып акустикалык сигналдарды өчүрүңүз.
Продукттун бөлүктөрү жана өзгөчөлүктөрү
Муздаткыч бөлүгү
1. Башкаруу панели
11 2. Жарыктык диод лампасы
3. Желдеткич жана антибактериялык жана жытка
12
каршы фильтр *
4. Айнек текче
5. “Haute Cuisine”*
6. Snack and Delicate (Закускалар жана назик)
тамак аштар үкөгү*
13
7. Алынып салына турган “Sliding tray“*
8. Dynamic 0° (Динамикалык 0°) текче
9. Жашылча-жемиш суурма үкөгү
10. Техникалык айтымдар тактачасы (Жемиштер
жана жашылчалар үкөктүн капталында
жайгашкан)
11. Жумуртка салуучу лотогу*
12. Эшиктин текчелери
13. Бөтөлкөлөр текчеси*
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
14
15
16
Тоңдургуч бөлүмү
14. Музду токтотуу*
15. Жогорку суурма (тоңдурулган жана өтө
тоңдурулган тамак аштар сактоо аянты жана
тоңдуруу аянты)
16. Ортоӊку жана тѳмѳнкү суурмалар (тоӊдурулган
жана ѳтѳ тоӊдурулган тамак-аш үчүн сактоо аянты)
17. Муз лотогу
17
Эсиңизде болсун: Бардык суурма үкөктөр, эшик текчелер жана текчелер алынып салынат.
Өзгөчөлүктөр жана техникалык маалымат модельге жараша айырмаланышы мүмкүн.
Мелүүн аймак
Тропикалык жемиштер, консервалар, ичимдиктер, жумурткалар, соустар, туздалган
бадыраңдар, май, джемдерди сактоо үчүн сунушталат
Муздак аймак
Сыр, сүт, сүт азыктары, деликатесстер, йогурт сактоого сунушталынат
Эң муздак аймак
Балык, эт, муздак эт кесиндилерин жана дессерттерди сактоого сунушталынат
Жашылча-жемиш суурмасы
* Кээ бир моделдерде гана жеткиликтүү
4
Башкаруу Панели
Fresh control (Жаңылыкты көзөмөлдөө)
Шайманда автоматтык түрдө оптималдуу ички сактоо температарага тез жетүү мүмкүнчүлүгү
бар. Бул функция ошондой эле шаймандын нымдуулугун көзөмөлдөйт. Функция туура иштөөгө
желдеткич деле күйүп туруш керек. Функцияны күйгүзүүгө/өчүрүүгө болот (Желдеткичтин
сүрөттөлүшүн караңыз).
Желдеткич*
Желдеткич, продукттун ичиндеги температура жайылуусун, өнүмдүн ичиндеги сакталган
азыктардын жакшыраак сакталышы үчүн жана ашыкча нымдуулукту азайтууга арналган.
Желдеткич алдын ала күйгүзүлгөн болот.
жана
баскычтарын 3 секундага басып,
желдеткичти күйгүзсөңүз/өчүрсөңүз болот. Дисплей өчүп күйөт жана үн сигналы бир жолу күйөт
эгерде желдеткич күйсө же дисплейдин жарыгы өчүп күйөт жана үн сигнал эки жолу берилет
эгерде желдеткич ӨЧҮРҮЛСӨ. Эгерде айланадагы абанын температурасы 27°C ашса, же
эгерде суунун тамчылары айнек текчелерде пайда болсо, тамак-аштын туура сакталышын
камсыз кылуу үчүн желдеткичти иштетүү зарыл. Желдеткичти өчүрүү энергия сарптоону
оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.
Эскертүү: Желдеткич электр камсыздоо жок болгондо же өнүмдү өчүргөндө автоматикалык
түрдө өзу күйөт. Аба желдетүү аймагын, азыктар менен жаппаңыз.
Антибактериалдык чыпка*
Аны суурма үкѳк жемиштер жана жашылча контейнерине салынган кутудан алып салыңыз жана
желдеткич жапкычына салыңыз. Алмаштыруу жол-жобосу фильтр кутуда кошулган.
On/Stand-by (Иштѳѳдѳ/Күтүүдѳ)
баскычын 3 секунданын ичинде басып, шайманды өчүрүңүз (Күтүү режиминде, дисплейде эки
тире пайда болуп, күйөт). Жабдууну кайрадан иштетүү үчүн баскычты кыска мѳѳнѳткѳ басыӊыз.
Эскертүү: Бул шайманды электр камсыздоодон ажыратпайт.
Температура дисплейи
Дисплей муздаткыч бѳлүгүнүн температурасын (2°Cдан 8°Cга чейин) же тоӊдургуч бѳлүгүнүн
температурасын (-16°Cдан -24°Cга чейин) кезеги менен кѳрсѳтѳ алат.
Муздаткыч бѳлүгүнүн температурасы
Башка температураны
баскычы менен жөндөө мүмкүн.
Fast Cool (Тез муздатуу)
Чоң көлөмдөгү жаңы азыкты муздатуучу бөлүккө салаардан мурун, баскычын секунда
басыңыз.
Функция активдештирилгенде,
икону күйөт. Функция автоматтык түрдө 6 сааттын ичинде өчөт,
же кол менен баскычын басып өчүрүңүз.
Үн сигнализациясын өчүрүү
Үн сигнализациясын өчүрүү үчүн,
баскычын кыскача басыңыз.
Тоӊдургуч бѳлүмүнүн температурасы
Башка температураны
баскычы менен жөндөө мүмкүн.
* Кээ бир моделдерде гана жеткиликтүү
5
Fast freeze (Тез Тоңдуруу)
Азыктардын чоң көлөмүн тоңдурууга тоңдургуч бөлүмүнө салуудан 24 саат алдын ала,
баскычын
секунда басыңыз. Функция активдештирилгенде, белгиси күйөт. Функция автоматтык түрдө 48 сааттын
ичинде өчөт, же кол менен баскычын басып өчүрүңүз.
Эскертүү: Жаңы тамак аш жана мурда тоңдурулган тамак аш бир бирине тийбегенин камсыздаңыз.
Тоңдуруу ылдамдыгын оптимизациялоого, суурмаларды алып салса болот жана тамак ашты түздөн түз
бөлүмдүн түбүнө койсо болот.
Vacation (Эс алуу)
Сиз бул функцияны, эгерде көбүрөөк убакыт жок болсоңуз, колдоно аласыз. Баскычты
3 секундага
басып функцияны күйгүзгүлө. Дисплей, муздаткыч бөлүгүнүн температурасын көргөзөт (+12°C) жана
икону күйөт. Функцияны активдештиргенден кийин, муздаткыч бөлүгүнөн азыкты алып салыңыз жана эки
эшигин тең жаап коюңуз. Муздаткыч, жагымсыз жыттардын пайда болушунун алдын алууга, ылайыктуу
температураны кармап турат. Бирок тоңдургуч коюлган температурада калат. Функцияны өчүрүү үчүн,
3
секунд басыңыз.
Суурманы жана “Sliding tray” (алына турган текче) алып салуу
1
2
1
2
1
1
2
Dynamic 0° (Динамикалык 0°)*
«Fresh °» бѳлүгү тѳмѳн температураны кармоого жана жаӊы тамак-ашты (мисалы: жаны паста, каймак,
песто/сальса, тамакты үйдө жасап жатканда, кондитер креми, пуддинг, быштак сыры, муздак кесиндилер, эт
жана балык) кѳп убакытка чейин сактоо үчүн нымдуулукту тууралоого атайын жөндөлгөн.
Текченин ички температурасы +3 °C менен -2 °C ортосунда. Текченин туура иштеши үчүн, Эс алуу
режиминин иштетилбеши керек.
Humidity control (Нымдуулукту көзөмөлдөө)*
Жашылча жана жемиш текчесинин
нымдуулук деңгээлинин тандагычы : Сиз
сактап жаткан тамактарды жакшыраак
сактоо үчүн, тандагычты туура деңгээлге
жөндөө үчүн жылдырыңыз.
* Кээ бир моделдерде гана жеткиликтүү
6
Тазалоо
Ар кандай кармоо же тазалоо операцияларын аткаруудан мурда шайманды штепсель
вилкасынан же электр тогунан ажыратыӊыз.
Эч качан абразивдерди колдонбоңуз. Муздаткычтын бөлүктөрүн, тез күйүүчү
суюктуктар менен тазалабаңыз.
Буу тазалоо каражаттарын колдонбоӊуз.
Баскычтар жана башкаруу панелинин дисплейи спирт же
спирттен келип чыккан заттар менен тазаланбашы керек.
Жөн гана кургак чүпүрөк менен тазалоо зарыл.
Жабдууну анда-санда чүпүрѳктү колдонуп жылуу суунун эритмеси
жана муздаткычтын ичин тазалоого арналган нейтралдуу тазалоочу
каражаттар менен тазалаӊыз.
Эриген суунун туруктуу жана туура агышын камсыз кылуу үчүн
жашылча-жемиштер үчүн суурма үкѳктүн жанындагы муздаткыч
бѳлүктүн арткы бет жагында жайгашкан суу агызгычтын ичин
көрсөтүлгөн аспапты колодонуу менен үзгүлтүксүз тазалаңыз.
Бузуктуктарды табуу
Кардарды тейлөө борборуна байланышуудан мурун:
1. Шайманды күйгүзүп көйгөй чечилбегенин текшергиле. Эгерде керек болсо, операцияны
бир сааттан кийин кайра кайталагыла.
2. Колдонуу кондонмодогу Бузуктуктарды табуу бөлүмдө же www.kitchenaid.eu көрсөтүлгөн
текшерүүлөрдү өткөргүлө, андан кийин шайманды кайра күйгүзгүлө.
Эгерде кѳйгѳй сакталып калса, эң жакынкы Кардарларды тейлөө борборуна кайрылыңыз.
Сиз техникке көйгөйдү сүрөттөп беришиңиз керек жана сиздин шайманыңыздын так түрүн
жана моделин айтышыңыз керек, жана ошондой эде муздаткыч бөлүмдүн ичинде жайгашкан
маалымат тактачасындагы Көмөк Кодду айтышыңыз керек. Бул маалымат техникке дароо
керектүү кийгилишүү түрүн аныктоого мүмкүнчүлүк берет.
Эгерде оңдоо керек болсо, биз Ыйгарым укуктуу техникалык тейлөө борборуна кайрылууну
сунуштайбыз.
* Кээ бир моделдерде гана жеткиликтүү
Биздин www.kitchenaid.eu вебсайтка кирип колдонуу боюнча толук
нускамаларды алыңыз.
Ага кошумча, сиз кошумча пайдалуу маалымат аласыз, мисалы биздин
бренд элчилер же эң жакынкы KitchenAid ашпозчу мектепте даярдалган жана
текшерилген чыгармачыл рецепттерди тапсаңыз болот.
7
KY
Италияда басылды
400011218674

advertisement

Key Features

  • White Built-in 395 L
  • 294 L LED Fridge interior light
  • 101 L Bottom-placed 4* 12 kg/24h
  • 274 kWh 35 dB

Related manuals

Download PDF

advertisement